Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарды.
Эске салсак, Максатбек ажы Токтомушев 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар экендиги айтылууда.