Жаңылыктар
Ош шаарында бычакталган өспүрүмдөрдүн бири каза болуп, учурда экинчисинин абалы оор
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында бычакталган өспүрүмдөрдүн бири каза болуп, учурда экинчисинин абалы оор

11-февралда түшкү саат 14:00 чамасында Ош облусттук биргелешкен клиникалык ооруканасына тез жардам унаасы менен оор абалдагы эки өспүрүм жеткирилген. 

Медициналык кароо учурунда балдардын бычакталганы аныкталган. Тилекке каршы, алган жаракатынын оордугунан улам, балдардын бирөөнүн өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Экинчи балага операция жасалып, жандандыруу бөлүмүндө. Дарыгерлер бейтаптын абалы оор экенин билдирет. Ош шаардык милициясынын айтымында, каза болгон өспүрүм калаадагы Нариманов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу болгон. Ал эми, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан бала - юридикалык колледждин 1-курсунун студенти экени аныкталган. Балдарга кол салгандар жакынкы объектидеги видеобайкоого түшүп калган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы издөө-иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

"Болуп өткөн окуя боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Видео байкоонун жардамында кылмышкерлерди колго түшүрүү иши жүрүп жатат. Кошумча маалыматтар берилет",- деп билдирди Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков.