Борбордук шайлоо комиссиясы Жергиликтүү Кеңешти шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл ала баштады.
“Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, шайлоо учурунда эфирдик убакыт, акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюмунун жана мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан кечиктирилбестен, шайлоону дайындоо тууралуу чечим чыккан 10 күндөн кийин расмий жарыяланууга тийиш. Буга байланыштуу, шайлоо өнөктүгүнө катышууну каалаган ЖМКлар жана интернет басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин 18-февралга чейин тапшырышы керек.