Чүй облусуна караштуу ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон жарылуудан 2 адам жабыркап, бирөө каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгон - өспүрүм бала, ал эми жабыркагандардын бири 79 жаштагы карыя Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Учурда ал алдын ала текшерүүдөн өтүүдө. Дагы бир жабырлануучу 16 жашта. Ал шаардык тез жардам балдар ооруканасына жаткырылды. Алдын ала маалыматка караганда, турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылган.