Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылып, республикада социалдык объектилердин курулушуна бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Агенттикке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин кызматкерлери жеке курулуш компанияларына мамлекеттик буюртмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүп берип, алардан акча алып турган. Тергөө иштеринин натыйжасында курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү агенттиктин жетекчилик кызматтагы адамдарына 1 миллион 400 миң сом бергени аныкталды.
Департаменттин жетекчиси жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык топтун директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.