Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып салуу чечими чыкты.
“Коррупция” беренеси боюнча айыпталып жаткан Раимбек Матраимовдун кылмыш иши бүгүн каралды. Процессте айыпкер тергөө менен бир бүтүмгө келип, өзүнүн күнөөсүн моюнга алды. Жарыш сөздө прокурор тарап аны айыптуу деп таап, анын мурдагы 2 млрд сом материалдык зыянды кайтарып бергенин эске алып, 260 миң сом төлөп берүүсүн милдеттендирүүнү сурады. Соттун чечими менен Матраимов күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом өлчөмүндөгү айып тагылды. Айыпталуучунун мүлкү жана банктык эсеби камактан чыгарылды.
Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бажы кызматы тутумунда 2016-жылдан ушул күнгө чейин мурдагы төраганын орун басары Райымбек Матраимов жана ведомствонун башка кызматкерлери тарабынан көмүскө киреше боюнча коррупциялык система уюшулуп келгенин аныктаган. Мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекеттик казынага ири өлчөмдөгү зыян келтирилген. Раимбек Матраимовго Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылган.