Президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына коомдо талкууланып жаткан актуалдуу маселелер боюнча маек курду.
Ал мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин кызматтан кетиши, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучуну дайындоонун айланасындагы кырдаалга токтолду. Ошондой эле, баш мыйзамдын жаңыланган долбоорундагы президенттин ыйгарым укуктары, тышкы миграция, алгачкы кабыл алынган жарлыктардын максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди.