Жаңылыктар
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленет

Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленет. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. 

Иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтырууну көздөйт. Ал үчүн Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл каражаттарды бөлүү жагы өкмөткө сунушталды.