Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери унаалардан аккумуляторлорду уурдаган шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Жайыл районунун ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун 28 жаштагы К.О. ал «Хундай портер» автоунаасынын аккумуляторун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Кошумчалай кетсек, ушул жылдын башынан бери Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгы ушул сыяктуу дагы эки арызды каттагандыгы белгилүү болгон.
Бардык фактылар Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын КЖБР каттоосунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 90-беренесине ылайык (аз өлчөмдө уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жогоруда айтылган сотко чейинки өндүрүшкө ылайык, Жайыл РИИБдүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмыштарды жасаган деп шектелип, мурда соттолгон 45 жаштагы С.И. аттуу жаран кармалган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө С.И. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын Жайыл районунун аймагында жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын текшеришүүдө. Уурдалган аккумуляторлор алынып, ээлерине кайтарылды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.