Жаңы ишканаларды ачуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча коңкреттүү иш алып баруу керек. Ар бир райондон жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу тапшырмасын Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда койду.
Өткөн жылы облуста 135 ишкана ачылып, 651 жумуш оруну түзүлгөн. Бул багытта аткарылган жумуш жетишсиз экенин облус башчысы белгиледи. Ошол эле учурда былтыркы пандемиялык абал бир катар тармакка терс таасирин тийгизгени белгилүү болду. Коллегияда өкмөт өкүлү салык төлөмдөрү боюнча мүчүлүштүктөр болуп жатканына токтолду.
Кээ бир район, шаарда салыкка болгон карыз өсүп кеткен. Жалал-Абад шаарында эле бул карыз 68 миллион сомго чыккан. Ошондой эле көмүскө салыктар менен иш жүргүзүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
“Салык кызматынын кызматкерлери, сиздер мыйзамдуу болгон толук кандуу салыкты мамлекетке түшүрбөй жатасыздар. Сиздердин ар бириңиздердин аймагыңарда ири өндүрүштөр иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 30 пайыз араң салык түшүп, 70 пайызы сол чөнттөкө кетүүдө. Сиздер ишкерлер берген отчетко макул болуп коюп эле отурасыздар. Иш жүргүзүлбөй жатат. Муну сиздер да билип турасыздар. Биринчи кварталдын жыйынтыгында бул боюнча жылыштарды ар бириңирден талап кылам. Ар бир ишкер менен иштеңиздер. Жашыруун салыкты алып чыгыңыздар”,- деди Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев.