Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 11-февралга караган түнү, болжол менен саат 03:24 чамасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. 

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам, Нура, Икизяк айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.