Жаңылыктар
ИИМ: Европа биримдиги жана АКШ элчилиги менен кызматташуу долбоору жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Европа биримдиги жана АКШ элчилиги менен кызматташуу долбоору жыйынтыкталды

Ички иштер министрлиги Европа биримдиги жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен болгон кызматташуу долбоорун жыйынтыктады. 

Ушул жылдын 10-февралында Бишкек шаарында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов "Европа биримдигинин баңгизаттарга жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүү иш аракеттери" долбоорунун өкүлдөрү, Кыргызстандагы Европа биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр, долбоордун менеджери Косимо Ламберти Фосати жана Испаниянын полиция кызматкерлери менен жолугушту. Анда кыргыз милициясынын кылмыштарды ачууга жардам берүүчү жабдуулар берилген. 

2018-жылдын октябрь айында ИИМдин кызматкерлери Мадрид шаарындагы Испаниянын улуттук полициясынын базасында аталган долбоорунун бет ачарына катышкан. Анда "Укук коргоо ишмердүүлүгүнүн ыкчам маалыматтар" модели сунушталып, долбоордун алкагында милициянын аналитикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлгөн. Долбоордун өкүлдөрү акысыз негизде кайтарымсыз каржылык жардам беришкен.