13-февралда мектеп окуучулары арасында альтернативдүү олимпиаданын II этабы башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Олимпиада 13-14-февралда физика, 20-21-февралда информатика жана биология, ал эми 27-28-февраль күндөрү математика жана химия сабактарынан өтөт. Январь айында альтернативдүү олимпиаданын I этабы онлайн режиминде өткөн.
Олимпиада “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын алкагында зээндүү мектеп окуучуларын табуу, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана аталган предметтер боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстан командасын түзүү жана даярдоо максатында өткөрүлүүдө.