Өлкөнүн окуу жайларында билим берүү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен салттуу түрдө улана баштады. Окутуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан атайын программанын негизинде жүрүүдө. Анда санитардык талаптардын сакталышынан ар бир курстун стунденттеринин графигине чейин каралган.
Окуу жылы башталгандан тарта онлайн режиминде билим алууга аргасыз болгон Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенти Нурсел Касыева салтуу окуу башталганына кубанууда. Келечектеги дарыгер көчөдө, окууда калктын жана өзүнүн саламаттыгы үчүн бет кап тагынып, бардык санитардык талаптарды так аткарууда.