Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда министрликтин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Кыргызстандагы президенттик шайлоону жана өлкөнүн башкаруу формасы боюнча референдумду өткөрүү тууралуу министрликтин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды.
Видеоконференция байланыш форматында инвестицияларды тартуу жана Кыргызстандын Пакистанда жүргөн жарандарынын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматы угулду.
Министр Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктары, министрликтин жыл жыйынтыгы боюнча жүргүзгөн иштери, кризиске каршы чараларынын планы жөнүндө маалымдады.