Жаңылыктар
Бишкекте №146 жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын мас айдоочусу кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте №146 жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын мас айдоочусу кармалды

Бишкекте №146 жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын мас айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Буга чейин социалдык тармактарда мас абалындагы айдоочу кичи автобусту башкарууга аракет кылган видео тараган. 

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкери тийиштүү чараларды көрүп, аталган маршруттук унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди. Ал эми айдоочусуна карата Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде тиешелүү протокол толтурулду.