Жаңылыктар
Өрттүн кесепетинен турак жайы жабыркаган 3 жаранга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 424 миң сом төлөп берди
Кыргызстан жаңылыктары
Өрттүн кесепетинен турак жайы жабыркаган 3 жаранга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 424 миң сом төлөп берди

Өрттүн кесепетинен турак жайы жабыркаган 3 жаранга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 424 миң сом төлөп берди. Акча каражатын тастыктаган тактаманы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун зыян тарткан эки жашоочусу жана Аксы районунун бир жараны алды. 

Табигый кырсыктан жабыркаган жарандар турак үйүн мурда камсыздандырышкан. Жоготууга учураган материалдык чыгымды калыбына келтирүү үчүн каражаты төлөнүп берилди. 

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму иштеп баштагандан тартып, Жалал-Абад облусунда 58 миң 700 үй камсыздандырлган. 2021-жылдын январында 1 миң 280 жаран турак жайын камсыздандырган.