Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун кардио-ревматология бөлүмүндө коронавирустун кесепетинен васкулит оорусунун белгилери менен жабыркаган 15 бала дарыланууда. Мындан тышкары, көп тутумдуу ковидден сезгенүү менен жабыркагандар да бар.
Аларда ооруканага түшкөнгө чейин коронавирус инфекциясынын белгилери байкалган эмес. Учурда балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Кавасаки же васкулит оорусу коронардык артерияны жабыркаткан илдет. Ушул тапта Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун кардио-ревматология бөлүмүндө Кавасаки белгилери менен ондон ашык бала дарыланып жатат. Арасында орто жана оор абалдагы балдар бар.
Илдет Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабыл алган дарылоо протоколуна киргизилген. Адистердин айтымында, бул оорунун белгилери оор өтөт жана айыгуусу узак убакытка чейин созулат.
Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, эпидемиологиялык процесс башталгандан бери COVID-19 менен ооруган 1085 бала ооруканаларда дарыланган, анын 551и лабораториялык тастыкталган жана 391и клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталган. Тилекке каршы ооруканада 5 бала таажы тумоосунан каза болгон.