Жаңылыктар
Бишкекте Ооган согушунда курман болгондор эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Бишкектеги №20 мектепте Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилди. Ага Ооган согушунун ардагерлери жана катышуучулары чакырылып, иш-чара бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. 

Ардагерлер окуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берип, согуштагы күтүүсүз тозоттор менен тынымсыз атышууларды унутуу мүмкүн эмес экенин айтып, жаш муунду мекенчил болууга жана жоокердик милдеттерин так аткарууга чакырышты. 

Аталган иш-чара окуучулардын патриоттук сезимин арттыруу максатында уюштурулуп, балдардын чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.