Белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сулайман Рысбаев быйыл 65 жашка чыгат. Келечек муунду тарбиялоого зор салымын кошкон көп кырдуу инсан эмгек жолу мугалимдиктен башталып, Кыргыз билим берүү академиясында уланды. Алгач илимий кызматкер, бөлүм башчы, лаборатория башчысы болуп уламдан улам жогорулап отурду. Анын эл-жерине,келечек муундарга тарбия берүүдөгү эмгеги бааланып кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгын, Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наамын алган. Ошондой эле кыргыз педагогика илиминдеги ийгиликтери жана «Алиппе» окуу комплекси үчүн кыргыздын тунгуч агартуучусу И.Арабаев атындагы сыйлыктын ээси, Эл аралык Манас академиясынын академиги жана Москвадагы Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги болгон. Эли үчүн эбегейсиз эмгектерди жасаган залкар таалимгердин баскан жолу, өмүрү, ишмердүүлүгү келечек муун үчүн өрнөк десек болот.