Коронавирус пандемиясы саламаттык сактоо тармагынын кендирин кескен кемчиликтерин ачык көргөздү. Адистердин жетишсиздиги, айлык акынын аздыгы, медицина жабдыктарынын жана тез жардам унааларынын тартыштыгы сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр бар. Тармактагы көп жылдан берки чечилбей келген маселелерге көңүл бурууну максат кылган өлкө башчысынын жарлыгы чыкты. Эми саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүшү керек.