Жаңылыктар
Ош облусунда мыйзамсыз ташылып келген товар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда мыйзамсыз ташылып келген товар кармалды

Ош облусунда мыйзамсыз ташылып келген наркы 3 млн сомдон ашуун товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

“Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош облусунда кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен. Анын жүк бөлүгүнөн жалпы салмагы 9 миң 280 кг болгон жез жана латун металлдарынын калдыктары табылган. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.