Жаңылыктар
Кыргызпатент: 276 стартап жарым миллион сомго ат салышат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызпатент: 276 стартап жарым миллион сомго ат салышат

276 стартап жарым млн сомго ат салышат. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди. 

"Startup Kyrgyzstan-2021" сынагына арыздарды кабыл алуу 1-февралда аяктап, анда бизнес-идеяны ишке ашыруу үчүн жеңүүчүлөргө 500 миң сомго чейин грант берилет. Учурда мекеменин алдында түзүлгөн катчылык арыздарды көз карандысыз, эксперттик комиссиясына тандоо ишине даярдап жатат.

Тандалып алынган идеялар акселерациялык программаны өтүп, сынактын финалына даярдануу иштерин жүргүзөт. Белгилүү болгондой, жаңычыл идеялар бүткүл дүйнө жүзүндө актуалдуу. Кыргызпатент бул мелдешти экинчи жыл өткөрүүдө.