Жаңылыктар
Жогорку сот Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге байланыштуу кылмыш ишин кайра карайт
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку сот Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге байланыштуу кылмыш ишин кайра карайт

Жогорку сот Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге карата кылмыш ишин кайрадан кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөттү. 

Жогорку сот 2021-жылдын 9-февралындагы токтому менен жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Нариман Түлеевдин жазык ишин кайра жаңылантуу боюнча жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды. Түлеевге карата Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 23-декабрындагы өкүмдөрү жана Жогорку соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы токтому жокко чыгарылып, кылмыш иши башка соттук курамда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жаңыдан кароого жөнөтүлдү.