Жаңылыктар
Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. 

Улукбек Мариповдун башка чечими менен Эрмек Нургазиев боюнча Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин шаар мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.