Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь айында 2 млрд 519,4 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултулду. Белгиленген план 105 пайызга аткарылды же 119,4 млн сомго көп жыйналды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын январына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөр 132,9 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 105,6 пайызды түздү.