Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев "Азаттык" радиосуна билдирген.
Узакбаевдин айтымында, алардын ичинен 15инин диагнозу такталды:
"Тилекке каршы, жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болууда. Алардын арасында Кавасаки синдрому менен ооругандары да бар. Бактыга жараша, баары оорудан айыгып чыгууда",-деп билдирди Узакбаев.
Учурда өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.