УКМК тарабынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Ушул каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.
2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) бюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган. Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.