Жаңылыктар
Албек Ибраимовго коррупция боюнча дагы бир айып коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Албек Ибраимовго коррупция боюнча дагы бир айып коюлду

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго коррупция боюнча дагы бир айып коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. 

Көзөмөл орган ал “Манас” аэропортун жетектеп жана баш калаанын мэри кызматын аркалап турган учурда түркиялык компаниянын кызыкчылыгын коргогонун билдирүүдө. Анда чет элдик ишканага эл аралык каттамдарды аткарууга мыйзамсыз уруксат берилгени айтылат. Албек Ибраимов буга чейин башка коррупциялык иш боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган. Октябрь айындагы окуялардан кийин аны тарапташтары бошотуп алган. Кайра абакка кайтып барган эмес, ага издөө жарыяланган.