Ош облусунда мал уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Чоң-Алай районунун тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылган.
Айтымында, 6-февралга караган түнү короодогу малын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Арыздын негизинде ыкчам тергөө иштери башталып, топтолгон материалдар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде уурдалган малды Ноокат районуна алып барып, кылмыш ишин жашыруу максатында сатууга даярдап койгон жеринен Баткен облусунун 31, 29 жана 28 жаштагы тургундары кармалды. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.