Таластагы Кара-Буура районунда жаңы эмкана ачылып, алгачкы бейтаптарды кабыл ала баштады. Айылдык эмкана АРИС программасы тарабынан каржыланып, пандемия толкуну башталганча эле курулган. Шартка ылайык, эми гана ишке кирди. Ушул эле райондо дагы бир эмкана жакында ишке берилери мерчемделген.