Коронавирус менен күрөшүү максатында 4 тоннадан ашык гуманитардык жардам келди.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен келген вирустан коргонуучу каражаттар саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармектерди сактоочу кампасына жеткирилди. Эми алар аймактардагы муктаж болгон ооруканаларга жөнөтүлөт.