Жаңылыктар
Өкмөттүн жакынкы келечектеги ишинин негизги багыттары белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттүн жакынкы келечектеги ишинин негизги багыттары белгиленди

Премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Анда Өкмөттүн жакынкы келечектеги ишинин негизги багыттары белгиленди. 

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн жаңы курамы алдында кыска мөөнөттө ар бир сектордо, тармакта реформа жүргүзүү боюнча жоопкерчиликтүү милдет турат. Мында аталган өзгөрүүлөр жарандар үчүн сезилерлик болуп, алардын жашоо деңгээлин жакшыртуучу жыйынтыктарды бериши зарыл. Мариповдун айтымында, Президент Садыр Жапаров кол койгон беш жарлыкты ырааттуу аткаруу боюнча иш башталды. Аларды ишке ашыруу жаңы мамилени талап кылат, мында ачык-айкындык жана калк менен түз пикир алышуу маанилүү болуп саналат. 

Мындан тышкары, Премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө, жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алуунун, ошондой эле учурдагы ченемдик-укуктук актылардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү боюнча иштин маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында Марипов Өкмөт Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө бардык күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды жана Өкмөт элдин жана Президенттин ишенимин актоо үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын белгиледи.