Жаңылыктар
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду. 

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Жапаровго судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторунун, ошондой эле Ош жана Нарын шаардык сотторунун судьяларын дайындоо үчүн 18 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 17 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Бир талапкер боюнча мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтарды карап чыгып, материалды Кеңешке кайтарды.