Мамлекет башчы саламаттыкты сактоо, өлкөнүн финансы рыногун, агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар, мыйзамдарды инвентаризациялоо жана санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Саламаттык сактоо жөнүндө жарлыгы калктын саламаттыгын коргоо, саламаттык сактоо уюмдарынын ишин өркүндөтүү, оорулардын алдын алуу, жарандарга жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, материалдык-техникалык камсыздоону, кадрдык ресурстарды башкарууну жакшыртуу, саламаттык сактоо системасына санарип технологияларды мындан ары киргизүүгө багытталган.
Финансы рыногун өнүктүрүү жөнүндө жарлык бул тармакты өнүктүрүүнү, санариптештирүүнү ылдамдатууну, жарандардын, ишкерлердин финансылык кызмат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү, инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрө түзүүнү көздөйт. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө жарлыктын негизги милдети айыл чарба азыктарынын экспорттук потенциалын жогорулатуу аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча агроөнөр жай комплексинин артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү, коюлган максаттарга жетишүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
Ошондой эле, бардык мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, колдонуудагы баалуулуктарды, принциптерди, жаңы багыттарды кайра карап чыгууга негизденген жана жаран менен юридикалык жактардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоого багытталган масштабдуу, сапаттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү максатында инвентаризация жүргүзүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду. Андан тышкары калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, сапатын жогорулатуу жөнүндө жарлык кабыл алынды. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууну көздөйт.