Жаңылыктар
Мусулман Жоломанов Түркиянын Ачык чемпионатында коло медаль тагынды
Кыргызстан жаңылыктары
Мусулман Жоломанов Түркиянын Ачык чемпионатында коло медаль тагынды

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Мусулман Жоломанов жана Алмаз Эсенжанов 5-6-феврал күндөрү Стамбул шаарында жабык имаратта өтүүчү Туркиянын Ачык чемпионатына катышты. 

Мелдештин жыйынтыгы менен Мусулман Жоломанов 1500 м аралыкта (жыйынтыгы – 3:49.47) 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын рекордун жаңылады. Ошондой эле, М.Жоломанов 3000 м (8:22,51) аралыкта 6-орунду ээледи. Алмаз Эсенжанов 1500 м аралыкта 16-орунду жана 3000 м аралыкта 10-орунду ээледи. 

Белгилей кетсек, Ачык чемпионатка 9 өлкөдөн келген 111 спортчу катышты. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына ылайык спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында иш-сапарга жөнөтүлдү.