Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Тышкы иштер министр Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди

Жолугушуунун алкагында тараптар эки мамлекеттин жогорку жетекчилигинин катышуусу менен өтө турган эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларды сапаттуу жана мазмундуу иштеп чыгууну талкуулашты. Ошондой эле, кыргыз-россия эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жана алардын ичинде, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу маселеси, эл аралык уюмдар жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышты.