Кыргызстанда бир суткада коронавирус 58 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте коронавирус - 23 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 23, Ош облусунда - 2, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 3 кишиден табылган. Бир сутка ичинде 111 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Ал эми, медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 171 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 825 киши айыгып чыкса, 1 миң 433 адам каза болду.