Баткен облусунда 4 ири суу чарба объекттеринин курулушу жүрүүдө. Алардын бири узундугу 7 чакырым болгон Кадамжай районундагы Молдо-Нияз каналынын жалпы сметалык баасы 280 млн сомду түзөт.
Бүгүнкү күндө 538 метр тоннель казылып, аны бетондоо иштери аткарылууда. Ал эми Кадамжай районундагы "Кара-Кыштак-Боз" каналынын 1,5 чакырым келген ички чарбалык каналын куруу иштери жүрүүдө. Анын узундугуу 14 жарым чакырым болсо, сметалык наркы 401 млн сом. Ошондой эле Баткен районунундагы "Р-4" каналын куруу жана сыйымдуулугун көбөйтүү курулушу жүрүп жатат.
Мындан тышкары Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу жеткирүү, дюкер куруу үчүн республикалык бюджеттен 100 млн сом акча каражаты каралган. Долбоор аяктаса жалпы 2 миң 500 гектар жер өздөштүрүлөт. Эң негизгиси суу таңсык болгон, чек арадагы, эң алыскы Максат айылына суу жетет. Бул курулуштар 2026-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиялык мамлекеттик программа боюнча аткарылып жаткан ирригациялык объекттер. Анын алкагында 8 ирригациялык курулма каралган. Учурда аткарылып жаткан 4 сугат каналынын курулуштарына республикалык бюджеттен жана инвесторлордон этап-этабы менен каражат бөлүнгөн.