Бүгүн, 9-февралдан тартып Россияга түз учкан туруктуу каттамдардын саны көбөйөт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Жарандар Бишкектен Москвага "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясы аркылуу шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү, ал эми шейшемби, жума, жекшембиде "Аэрофлот - Россия аба жолдору" аркылуу уча алышат. Россия Федерациясынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары коронавируска карата ПЧР анализин тапшырышы керек.
Учактын бортуна жүргүнчүлөрдү кабыл алуу боюнча бардык чечимдерди аэропорттун кызматкерлери эмес, авиакомпаниялардын өкүлдөрү кабыл алышат. Ошондой эле, “Манас” эл аралык аэропорту авиабилеттерди сатпайт жана алар авиакомпаниялар менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы финансылык мамилелерге катышпайт.
Мындан тышкары, "Аэрофлот", “S7” жана «Урал аба жолдору” авиакомпаниялары аркылуу да чартердик каттамдар аткарылууда. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түз учкан туруктуу каттамдардын жыштыгын жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүү чечими Россиянын өкмөтү тарабынан кабыл алынган.