Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы "Рождество алдындагы түн” балетинин премьерасына кызуу даярданып жаткан учуру.
Спектакль Николай Гоголдун чыгармасынын негизинде коюлууда. Сахнада көркөм образды жана спектаклдин идеясын көрсөтүүчү системасын түзүп, хореографиянын ар бир кыймылын иштеп чыккан Алия Аджибаеванын айтымында, сахналаштырылган бийге ар кайсы курактагы жалпы 36 окуучу катышат. Эске салсак, спектакль борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 25-февралда болот.
“Чындыгында, спектакль коюу тез иш эмес. Анткени сценарий жазылып, долбоор түзүлөт. Андан соң демөөрчүлөрдү табуу керек. Мунун баарына жарым жыл убакыт кетти. Бизге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри каржылык жардам көрсөттү. Спектакль өзү былтыркыга пландалган. Бирок пандемияга байланыштуу жылдырылып, эми гана көрүүчүлөргө тартууланганы жатат. Биз ар бир кыймыл, ар бир образды мыкты деңгээлде аткарганга даярдыктарды көрүүдөбүз. Көрүүчүлөргө жагат деп ишенем”,- деди балетмейстер Алия Аджибаева.