Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин Коомдук кеңешинин жаңы курамындагы биринчи жыйынына катышты.
Өмүрзаков Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө күбөлүктөрдү тапшырып, аларга ИИМдин алдындагы Коомдук кеңештин курамында иштөөгө даяр экендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Жыйында ачык добуш берүү менен Коомдук кеңештин төрагасы болуп кайрадан Ялкун Даутов, анын орун басары катары Каана Айдаркул менен Бианки Маралбу дайындалды. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кеңештин жаңы курамы укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жарандарга жардам берет деп баса белгиледи.