Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 11-апрелге дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, БШКга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү милдеттендирилди. Өкмөт шайлоо өткөрүдө зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берет. Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын ден соолугун сактоо боюнча чараларды көрөт.
Ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө президенттин 2020-жылдын февралындагы жана ушул эле облустардын, шаардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтотуп туруу жөнүндөгү 2020-жылдын мартындагы жарлыгы күчүн жоготту деп табылды.