Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгону конституция 8 жолу өзгөрдү. Баш мыйзамдын улам өзгөрүшү - коомдун өнүгүүгө болгон ынтызарлыгында. Президенттик башкарууну тандаган калың журттун мүдөөсү - 30 жылдан бери аткарылбай жүргөн талабы орундалат деген үмүт. Бул багытта серепчилерди сөзгө тарттык.
Мамлекетти башкаруу формасын эл аныктайт. Отуз жылдан бери калың журттун пикири менен эсептешпей, башкаруудагы жоопкерчиликсиздик өлкөнү туңгуюкка кептегенин, акыркы жолу кабыл алынган баш мыйзам калың чөнтөктүүлөрдүн өлкө казынасын тоноого жол ачты, - дейт экс-депутат Бегалы Наргозуев.
Тизгинди колго алгандар парламенттик башкаруунун анык формасын көрсөтө албады. Тажрыйба көрсөткөндөй, өлкө мыйзам жоболору урматталган, саясий жана экономикалык реформанын жоопкерчилигин көтөргөн, эл алдында жооп бере алчудай системага муктаж болуп турат. Албетте, өнүгүү үчүн жапатырмак киришүү зарыл, - дешет серепчилер.
Президенттик башкаруу - калың эл алдында керт башы менен жооп берүү. Муну менен бирге мамлекеттин өнүгүү багытындагы саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган стратегиялык пландардын үстүнөн бекем көзөмөл жүргүзүү. Конституциялык кеңешме ар бир берене боюнча тыкыр иштеп чыгып, баш мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда.
Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңешке шайлана турган депутаттардын саны 90 болот. Эл өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги да күчөтүлгөн. Эгерде өз милдеттерин так аткарбаса, анын мандатын чакыртып алуу каралган. Өлкө тагдыры - ар бир кыргызстандыктан көз каранды, - дешет серепчилер.