Премьер-министр Улукбек Марипов Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны боюнча жыйынтык чыгарып, анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда айтып берди. Жалпы жыйынга катышкандан сырткары өкмөт башчы Россия, Казакстан жана Өзбекстандын премьер-министрлери менен сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон ар бир мамлекет менен Кыргызстандын жалпы жана жеке чече турган маселелери бар. Маселен, Орусия өкмөт башчысы менен жолугушууда Улукбек Марипов мигранттар көйгөйүн көтөрдү. Коронавирус пандемиясы социалдык экономикалык абалга чоң өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ал эми Казакстан менен энергетика, чек ара баштаган эки тараптуу кызматташтыктын бир катар багыттары талкууланды. Жолугушуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен өтүп, эки тарап калктын көйгөйүн чечүүгө мүмкүнчүлүк бере турган маселелерди ортого салышты.
Адистер өкмөт башчылардын көзмө-көз жолугушуп сүйлөшүп, эки тараптуу маселелерди чечүүгө кадамын оң натыйжа берерин белгилешет. Учурда соода, товар жүгүртүү жана мигранттар маселеси уюмга мүчө мамлекеттердин бардыгында бирдей, курч болуп турат.
Ошондой эле, өкмөт башчылар саламаттыкты сактоо, билим берүү жана санариптештирүү маселелерин талкуулашты. Өлкөдө санарип технологияларын ишке киргизүү бир нече жылдан бери жасалып келүүдө жана аны өнүктүрүүдө өнөктөштөрдүн да колдоосу маанилүү.
Премьер-министр элге жасаган кайрылуусунда, аткаруу бийлигинин аракети бир гана жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болорун белгиледи.