Жаңылыктар
Товар ташуунун кошумча жолу
Кыргызстан жаңылыктары
Товар ташуунун кошумча жолу

Пандемиядан бери Кытайдан Кыргызстанга биринчи жолу чоң көлөмдөгү товар келди. Өкмөт менен ишкерлер жүк тартып келүүнүн альтернативдүү жолун издеп, Кытайдан Казакстан аркылуу поезд жүргүзүүгө жетишишкен. Дем алыш күнү 800 тоннадан ашык товар жүктөгөн поезд Бишкектеги “Аламүдүн” станциясына келип токтоду.

Аялдардын бут кийимин дүңүнөн саткан Тайырбек Абдиевдин Кытайдан поезд аркылуу келген жүктө үлүшү бар. Ал бош калган текчелер бут кийимге толуп, соода кызыйт деп кубанууда. Айтымында мезгилге жараша товар жаңыланып турбаса, иши артка кетип, пайда көрбөй калат. Тумоо тарагандан бери чек ара жабылып, соода-сатык солгундады. Көбү калган каткан товарды сатуу менен алек.

Бул Кытайдан Кыргызстанга каттаган алгачкы транзиттик поезд. Пандемиядан улам жүк ташууда жаралган глобалдык тоскоолдуктарга карабай үч тараптуу сүйлөшүү “Жаңы Жибек-Жолу” долбоорунун алкагында Үрүмчүдөн Бишкекке биринчи поезд жөнөтүлгөн. Иш-чарага күбө болгон Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков темир жол менен товар ташуу айына эки ирет болоорун жана Торугарт - Эркечтам өткөрмө пункттары аркылуу дагы унаа өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу иштери жүрүп жатканын белгиледи. Темир жол менен келген 47 контейнерде бут кийим, идиш-аяк жана тетиктер жүктөлгөн. Кошумча жолдун ачылышы менен маселенин түйүнү четинен чечиле баштады. 

Буга чейин базарда соода кылган ишкерлер өкмөттөн Кытайдан келчү товарлардын өткөрүлүшүнө байланыштуу маселени чечип берүү талабын коюп митингге чыгышкан. Былтыр жаздан бери пандемиядан улам чек аранын жабылышы ишкерлерге да кедергисин тийгизди.