Жаңылыктар
Төрткүл суу сактагычы тууралуу
Кыргызстан жаңылыктары
Төрткүл суу сактагычы тууралуу

Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү. Коомдо талкууланып жаткан маалымат боюнча өкмөт башчы жалпы кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда түшүндүрмө берди. Анда ал Төрткүл суу сактагычына өзгөчө макам берүү менен Стратегиялык объектилердин тизмесине киргизүү маселеси иштелип жатканын билдирди. 

Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы дубандын он миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Суу тартыштыгы негизги маселе болгон облуста суу сактагычтын мааниси өтө чоң. Ирригациялык объекттин суу топтолуучу жайы чек арадан алыс жайгашкан, ал эми ага куйган каналдар чек араны бойлой аккан Ак-Сай дарыясынан келет. 

Ак-Сай дарыясынан аккан сууну коңшулаш жайгашкан үч өлкө орток пайдаланат. Кайсы өлкө канча пайыз суу алаары айдоо аянттарына жараша бекитилген. 

Суу сактагыч жана анын каналдары өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын башында курулган. Ал кезде чек ара болбогондуктан ирригациялык объект жалпы колдонулган. Бирок, эгемендүүлүк алгандан кийин коңшулар атайын келишим менен сууну орток пайдаланышат. 

Бул маселе боюнча өкмөт башчы Улукбек Марипов дагы өз пикирин билдирди. Төрткүл суу сактагычы жана ага куйган каналдар Кыргызстанга таандык экенин белгиледи. 

Өкмөт башчы аны менен бирге Төрткүл суу сактагычына өзгөчө макам берүү менен Стратегиялык объектилердин тизмесине киргизүү маселеси иштелип жатканын билдирди. Белгилей кетсек, Төрткүл сындуу айрым ирригациялык объектилер стратегиялык кайтарууга алынган.