Ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо, жеке сектор менен инвесторлорду колдоо жана коргоону өкмөт өз көзөмөлүнө алууга тийиш. Алардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатуу, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү учур талабы. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Премьер-министр Улукбек Марипов менен болгон жолугушууда билдирди. Өлкө башчысы орто мөөнөттүү мезгилге негизги реформалардын пакети менен өлкөнү өнүктүрүүнүн кризистен кийинки программасын даярдоо процессин эртерээк баштоо зарылдыгына көңүл бурду.
ЗКТ: Жолугушууда Экономиканы калыбына келтирүү үчүн кризиске каршы кечиктирилгис чаралар, коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү чараларын кабыл алуу маселелери, өлкөнү кыска мөөнөттө өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары менен экономикадагы негизги түзүмдүк реформалар талкууланды. Президент Жапаров учурда ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин баса белгилеп, буга байланыштуу экономиканы колдоо максатында Өкмөттүн комплекстүү антикризистик планын тез арада кабыл алуу зарылдыгына токтолду.
Ошондой эле мамлекет башчысы ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо, жеке сектор менен инвесторлорду колдоо жана коргоо маселесин жеке көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи. Алардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатууга, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө көңүл бурду. Ал бизнес менен өз ара аракеттешүүдө бюрократиялык жол-жоболорду мүмкүн болушунча азайтып, Өкмөт учурда коюлган милдеттер боюнча ыкчам жана тез чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын, бул мамлекеттик органдарды оптималдаштыруунун максаты экенин кошумчалады.
Ошондой эле Президент коронавирус инфекциясына каршы күрөштө ресурстардын ачык-айкын колдонулбагандыгы боюнча коомчулуктун тынчсыздануусун айтып, буга байланыштуу инфекция менен күрөшүүгө каражаттарды максаттуу, ачык жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.
Мындан сырткары, Мамлекет башчысы орто мөөнөттүү мезгилге негизги реформалардын пакети менен өлкөнү өнүктүрүүнүн кризистен кийинки программасын даярдоо процессин эртерээк баштоо зарылдыгына көңүл бурду. Өз кезегинде Улукбек Марипов Өкмөттүн жаңы түзүмүн эске алуу менен алардын ишмердүүлүгүн адаптациялоо үчүн аткаруу бийлигинин ишине талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди. Ошону менен бирге каатчылыкка каршы чараларды кабыл алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.