Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында иштеген кытай жарандарынын жана ишканаларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кытай элчиси Ду Дэвен менен жолугушууда айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
ТИМ башчысы жаңы президент Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыктары менчик укуктарын коргоого, ишканаларды негизсиз текшерүүнү токтотууга, инвесторлордун ишенимин арттырууга жана алар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө багытталганын билдирди. Элчи Кытай өкмөтү COVID-19га каршы бул өлкөдө жасалган вакцинаны биринчилерден болуп Кыргызстанга бекер берүүгө ниеттенип жатканын, кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркеч-Там” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу иштери жасалганын, Кыргызстанда Кытайдын жогорку окуу жайларынын өкүлчүлүктөрүн ачуу пландалып жатканын айтты.