«Айыл чарбасын каржылоо - 9» долбоорун ишке ашыруу башталды. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Улукбек Марипов 4-февралда кол койду.
Аталган чечим жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъекттерин өз учурунда каржылоо максатында кабыл алынган. Долбоордун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү саналат. Долбоор алкагында тармактарга жараша, жылына 6 %, 8 % жана 10 % өлчөмүндөгү пайдалуу коюмдар менен 60 айга чейинки насыя мөөнөтү каралган.
Алар: мал жана өсүмдүк өстүрүү үчүн жылдык 10 % үстөк, долбоорго катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишимдерди түзүүгө милдеттенген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүүчү чарбалар үчүн жылдык 8 % үстөк. Өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясына сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологиялары – тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу, күнөскана чарбалары, интенсивдүү багбанчылык, органикалык айыл чарба өндүрүшү кирет. Ал эми кайра иштетүү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына 6 % үстөк каралган.